Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/21
Жылуу-Суу айылына Таза-Суу чыгаруу үчүн 70,0миң акча каражаты 2024-жылдын бюджетин бекитүүдө каралгандыгын белгилеп, Будалык жана Таш-Короо айылдарындагы малдар ичүүчү сууга атайын ноолорду курууга, Будалыктын жайыт жерлерин тосууга 155,0 миң сом акча каражатын карап берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жылуу-Суу айылындагы Таза-Суу чыгарууга каралган 70,0 миң акча каражаты, Будалык жана Таш-Короо айылдарындагы малдар ичүүчү сууга атайын ноолорду курууга, Будалыктын жайыт жерлерин тосууга 155,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысы Н. Тажибаевге жана финансы жана экономика башчысы Н. Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Самиев |