Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-июну № 290
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жергиликтүү калктын социалдык муктаждыктарын канааттандыруу, социалдык шаарча куруу жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагынын тургундарынын турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 01-12/420 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 27-мартындагы № 23 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагынын № 234 контурунда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган аянты 3,0 га жайыт жер участогу социалдык шаарча (блоктолгон 4 батирдүү турак үйлөр, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, дүкөн ж.б.) куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууну;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) жогоруда аталган жер участогун максаттуу пайдаланууну;
4) Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин бекем сактоо менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыздоо системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык шаарчаны курууну коомдук бирикменин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
6) көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
7) жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 07-июнунудагы № 43 (3596) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |