КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 11-январы № 4-т
Европа - Кавказ - Азия (ТРАСЕКА) эл аралык транспорттук коридорду өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. ТРАСЕКА маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Улуттук комиссиянын төрагасы; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Улуттук комиссиянын мүчөсү; |
Акаев Айбек Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин бөлүм башчысы, Улуттук комиссиянын мүчөсү; |
Пак Евгений Владимирович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын начальниги, Улуттук комиссиянын мүчөсү; |
Бариев Ырысбек Жантаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, улуттук катчы. |
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте ТРАСЕКА өкмөттөр аралык комиссиясынын ишине байланышкан маселелерди ишке ашыруу боюнча эксперттик топту түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы № 432 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |