Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/23
Гүлчө айылынын тургуну Шамшиев Беделбай Ормонбаевичтин Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик турак жайына чектеш болгон 600,0 чарчы метр жер тилкесине күйүүчү жана майлоочу муңай заттарды сатуу үчүн , Гүлчө айыл өкмөтүнүн 27.03.1997-жылдагы № 3/3 токтомунун негизинде иштетип келгендигин белгилеп, бирок 2013-жылдан бери иштетпей келе жаткандыгына байланыштуу, ошол жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктарынын негизинде Гүлчө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айылынын тургуну Шамшиев Беделбай Ормонбаевичтин, аянты 600,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан күйүүчү жана майлоочу муңай заттарын сатуучу жайы көп жылдан бери иштетилбей, бузулуп алынгандыктан максаттуу багытын турак-жай курууга деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |