КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-декабры № 787-т
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда "Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү" долбоорун каржылоо маселелерин талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда "Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү" долбоорун каржылоону талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда "Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү" долбоорун каржылоону талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Ажикеев Бообек Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, расмий делегациянын башчысы; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары; |
расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Мамбетов Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары; |
Усенбекова Айнура Доктурбаевна | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Касейинов Кубат Усенкулович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Арипов Нурлан Кокташевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия департаментинин бөлүм башчысы; |
Токторбаева Жылдыз Айтбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору; |
Абдиев Алмаз Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын директору. |