Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/24
Гүлчө айылынын тургуну Курманбеков Улукбектин Нарматов көчөсүнүн №83 - дарегинде жайгашкан 5-01-04-1002-1015-идентификациялык сырбелгидеги, аянты 3738,0 чарчы метр болгон жер тилкесине соода-сатык үчүн дүкөн курууга Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 15.09.1998-жылдагы №186 токтому менен берилгендигин билдирип , бирок түрдүү себептерден улам кура албагандыктан, ошол жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун билдирүүсүн угуп, Ош облусунун райондор аралык сотунун 17.05.2013-жылдагы дело № АД-000 154 /13-МО номерлүү чечимин жана 5-01-04-1002-1015-идентификациялык сырбелгидеги, аянты 3 738,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин сериясы Ч №1083366 номерлүү, 2023-жылдын 25-октярында берилген сериясы Ч№1083366 номерлүү болгон Мамлекеттик АКТсын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна негизденип, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Курманбеков Улукбектин, №83-дарегинде жайгашкан соода-сатык жүргүзүү үчүн дүкөн курууга берилген аянты 3 738,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин максаттуу багытын жеке менчик балдар бакчасынын имаратын куруу үчүн өзгөртүлүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |