Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/25
Гүлчө айылынын тургуну Курманбеков Улукбектин Нарматов көчөсүнүн №83-дарегинде жайгашкан 5-01-04-1002-1013-идентификациялык сырбелгидеги аянты 2460,0 чарчы метр болгон жер тилкесине Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 15.09.1998-жылы №186 токтому менен соода-сатык үчүн дүкөн курууга чечим чыгып, бирок турдүү себептерден улам ошол жер тилкеси иштетилбей келгендигин билдирип, пайдалануу багытын турак-жай куруу үчүн өзгөртүп берүү арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адисинин билдирүүсүн угуп, Ош облусунун райондор аралык сотунун 07.05.2013-жылдагы дело № АД- 000 154 /13 МО номерлүү чечимин жана жер 5-01-04-1002-1013- идентификациялык сыр белгидеги 2023-жылдын 25-октярында берилген сериясы Ч № 1083368 номерлүү болгон Мамлекеттик АКТсын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 17 - пунктуна ылайык Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Курманбеков Улукбектин №83-дарегиндеги соода-сатык жүргүзүү үчүн дукөн курууга берилген аянты 2460,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин максаттуу багытын жеке менчик турак-жай куруу үчүн өзгөртүлүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Самиев |