Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/26
Айыл өкмөт тарабынан Беккари чуңкурчасы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү сунушу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан 24.01.2024-жылдын №18-578 катына ылайык Беккари чуңкурчасы боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Беккари чуңкурчасынын жоктугуна байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен 450,0миң сом акча каражаты бөлунүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду мыйзам чегинде аткарууну камсыз кылуу Н.Тажибаевге жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Самиев |