Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/27
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №3 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасында көп жылдан бери өсүп жетилген, имараттын инфраструктурасына зыян келтирип жаткан тал-теректерди кыйдырууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №3 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасында көп жылдан бери өсүп жетилген, тамырлары тереңдеп бакчанын жолдоруна, имараттын инфраструктурасына зыян келтирип , тоскоолдук жараткан 31( отуз бир) түп тал- теректи кыйдыруу боюнча, Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына сунушталсын жана Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын депутаттары тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы , муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Самиев |