Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2024-жылдын 10-майы № 5/28
Гүлчө айылындагы Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жаңыдан бүтүп жаткан №4 балдар бакчасына айылдык кеңештин депутаты маркум Раймкулова Гульмира Атантаевнанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, жергиликтүү кеңештин депутаты Таласбеков Султанбектин билдирүүсун угуп жана №4 мектепке чейин балдарга билим берүү уюмунун эмгек жааматынын, ушул 2024-жылдын 16-февралындагы профсоюз уюмунун №27 протоколун негиз кылып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктунун негизинде, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №4 мектепке чейин балдарга билим берүү уюмуна Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты маркум Раимкулова Гульмира Атантаевнанын ысымы ыйгарылсын.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Самиев |