Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлу № 121

Кадамжай шаарындагы Киров көчөсүнө  кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, философ, географ, агартуучу Молдо Нияз акындын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кадамжай шаарынын Киров көчөсүнө кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, философ, географ, агартуучу Молдо Нияз акындын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” кайрылуусун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна негиз

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кадамжай шаарындагы Киров көчөсүнө кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, философ, географ, агартуучу Молдо Нияз акындын ысымы ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Кадамжай райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинен үйлөргө жаңы даректерди киргизүү жагы суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдыразаков