Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2024-жылы 05-апрель №18

 

« Тогуз-Торо айыл аймагында жаз, жай, күз айларында малдын кɵчүп конуусу боюнча ички тартип эрежелерин, малдарды камап багуу тартибинин жобосун бекитүү жɵнүндɵ »

 

Тогуз-Тоо айыл аймагынын айылдык Кенешинин тɵрагасы У.Токтожумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезексиз чакырылган XXVII сессиясы

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

            1.Тогуз-Торо айыл аймагында жаз, жай жана күз айларында малдын кɵчүп –конуусу жана малдарды бадачыга берүү боюнча ички тартип эрежелерин долбоору бекитилсин.

 

            2.Малдарды камап, багуу тартиби жɵнүндɵгү жобосу бекитилсин.

 

            3.Бул токтом жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет. Аткарылышын кɵзɵмɵлгө алуу жагын ɵзүмɵ калтырамын.

 

            4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  

төрагасы:

 

У.А.Токтожумаев

 

 

 

 

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин 2024-жылдын 05-апрелиндеги №18 токтомуна 2-тиркеме

Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузган, кароосуз калган же ээн калган малды же башка кароосуз калган үй жаныбарларын камап багуу тартиби жөнүндө ЖОБО

 

            Бул Жобонун милдеттери жарандардын укуктарын, менчиктин кол тийбестигин, жер пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргойт.

Тогуз-Торо жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды которуштуруп пайдалануунун жана жер пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо максатында, кароосуз калган же ээн калган малды же башка кароосуз калган үй жаныбарларын камап багуу эрежелери, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Тогуз-Торо айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.

1.Тогуз-Торо айыл аймагынын жергиликтүү жамаатарынын мүчөлөрү, жер иштетүүчүлөрү, Тогуз-Торо айыл өкмөтү менен келишимдик негизде корукчу (мындан ары корукчу) жана мал карап багуучу (мындан ары багуучу) боло алышат. Атаандаштык жана натыйжалуулук пайда кылуу максатында корукчунун саны чектелбейт.

2.Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жайыттарды жана чабындыларды башкаруу боюнча белгиленген режимин бузган, кароосуз калган же ээн калган мал же башка кароосуз калган үй жаныбарлардын ээсин аныкталып такталгыча камакка алынууга жатат.

3.Айдоолорду атайылап же абайлабай тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу болгон учурда мал ээсин аныктоо максатында камакка алынып, караштуулугуна жараша ички иштер органдарынын карамагына өткөрүлүп берилет.

4.Малды камакка алуу атайын корукчу тарабынан же тикелей жер ээси (жер иштетүүчү, жер ээсинин тууганы ж.б) тарабынан, Бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кабарлоо менен ашырылат.

5.Малды камоого негиз болуп жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында ( анын ичинде Интернетке) бузуу жагдайын көрсөткөн маалыматтарды камтыган билдирүүлөр жана укук бузууну Бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан тикелей табуу эсептелинет.

6.Укук бузуунун далили катары фото, видео материалдар жана акт түзүлөт. Актыда укук бузуу катталган жери, убактысы, малдын саны, өңдөрү, башка өзгөчөлүктөрү жазылат, Бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан (күбөлөрдүн катышуусунда) толтурулуп колдору коюлат жана багуучуга өткөрүлүп берилет.

7.Камаган тарап камаар астында түзүлгөн актынын же фото, видео материалдардын негизинде такталган, ошол учурдагы малдын башына гана жоопкерчилик тартат, камакка чейин жоголгон, өлгөн, ооруган малга жоопкерчилик тартпайт. Камакка алынган малдын өмүрүнө жана башка көрүнүштөрүнө (табыгий кырсыктардан тышкары) камаган тарап жоопкерчилик тартат жана жергиликтүү бюджеттен компенсацияланат.

8.Мал атайын уюштурулган мал камоочу короого камалат. Камакка алынган мал ачкадан өлүп калуусу алдын алуу максатында суу (көлмө, аккан суу) менен камсыздалат жана багуучуга чөп чачуу милдеттендирилет. Атайын уюштурулган мал камоочу короодон тышкары, короо, сарайларга, огороддорго Бузуулар комиссиясынын макулдугу, менчик ээсинин уруксааты менен камалат. Камалган малды сугаруу, багуу жана кароо актыда көрсөтүлүп менчик ээсине милдеттендирилет.

9.Чөптүн баасы жыл сайын базар экномикасына ылайык айыл өкмөтү тарабынан эсептелнип, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Чөп чачуу көлөмү малдын түрүнө, санына жараша жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

10.Мал камоочу жайдын туруктуулугун камсыздоо айыл тургундарынан түшкөн каражаттын эсебинен жүргүзүлөт.

11.Камакка түшкөн малдын ээси аныкталып, тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан кийин, мал ээсине өткөрүлүп берилет.

12.Айып пул Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Тогуз-Торо айыл аймагынын Бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясынын Жобосуна ылайык жүргүзүлөт.

13.Кароосуз калган малды багууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу жана алар үчүн сүйүнчү алуу Жарандык Кодексинин талаптарына ылайык өндүрүлөт.

14.Жарандар укук коргоо органдарына, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө билдирбестен, тиешелүү иш кагаздарын толтурбастан камаган малдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары жоопкерчилик тартпайт.

15.Атайын уюштурулган короого камалган малды чөп менен камсыздоо Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө өз каржаттарынын эсебинен топтоо милдеттендирилет. Мал ээси тарабынан чөптүн акысы үчүн төлөнгөн акча каражаты Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн бюджетине которулуп берилет.

 

 

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  

төрагасы:

 

У.А.Токтожумаев

 

 

 

 

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин 2024-жылдын 05-апрелиндеги №18 токтомуна 1-тиркеме

Тогуз-Торо айыл аймагындагы «жаз, жай, күз айларында малдын кɵчүп-конуусу боюнча ички тартип тууралуу» эреже

 

1.Учурдагы кабыл алынып жаткан мал багуу эреже КРнын «Административдик жоопкерчилик жɵнүндɵ Кодексине, КРнын «Ветеринария жɵнүндɵ», КРнын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ», КРнын «Жайыттар жɵнүндɵ» мыйзамдарына ылайык кабыл алынып, Тогуз-Торо айыл аймагында айыл тургундарынын жеке менчигиндеги малдарды багуусундагы малдын кɵчүп-конуусун жɵнгɵ салат.

2. Эреже Тогуз-Торо айыл ɵкмɵттүн башчысы, тиешелүү айыл ɵкмɵттүң адистери. Жайыт комитеттин мүчɵлɵрү жана айыл тургундардын биргелешип так, жыл сайын аткарчу жана калыптандыруучу тажрыйбаны камсыздайт.

3. Эреже Тогуз-Торо айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынгандан кийин аймакта жашаган баардык жарандар, мамлекеттик жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жана менчиктин түрүнɵ карабастан баардык уюм, мекеме, ишканалар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.

4. Ѳтүп жаткан жылдын апрель айынан май айына чейин Жайыт комитети мал ээлерин арыздары жана билдирүүлɵрү аркылуу келээрки жылга жайытка чыкчу малдын санын алдын-ала аныктайт;

4.1. Соңку жылдын февраль айына чейин жайыт комитетимурунку жыл үчүн отчетун дайындап айылдык кеңештин кароосуна коёт.

4.2. 31-мартка чейин соңку жылдын жайыт акысы тууралуу, жайыт пайдалануу боюнча жылдык план менен коомдук угууда тааныштырат.

4.3 Айыл ɵкмɵт башчысы жана жайыт комитети 31-мартка чейин элдик жыйын ɵткɵрүү менен малчы –малды элден ала электе малды багуу баасын аныктайт жана жайыт акы кимдер тарабынан тɵлɵнүшү керектигин макулдашат жана жалпы элдик жыйын менен бекитилет.

4.4. Айыл чегинде жайгашкан жайытка мал менен кɵчүү Ленин, Өрнөк айылдарында 10 –апрельге чейин Кош-Булак, Дөдөмөл айлдарында 25-апрельге чейин. Жайлоого кɵчүү Ленин, Өрнөк айылдарында 10-апрельге чейин, Кош-Булак, Дөдөмөл айылдарында 25-апрельге чейин. Жайлоого кɵчүп кетүү Ленин, Өрнөк айылдарында 15-сентябрдан, ал эми Кош-Булак, Дөдөмөл айлдарында 1-октябрдан кийин кɵчүп келүүсү бекитилет. Жайыт планында кɵрсɵтүлгɵн чектɵɵлɵргɵ ылайык кɵчүү конуу жүргүзүлсүн.

4.5. 10-апрельден баштап бада уюштурулат, бадачы менен белгиленген тартипте макулдашылып берүүсү жана күзгɵ чейин толук кандуу ɵткɵрүп берүүсүн жарандар тарабынан талап кылынсын.

4.6. Малчыга берилбей кароосуз калган малдардан уурдалып кетүүсүн алдын алуу жагы айыл башчыларына милдеттендирилип 10-апрельден 1-октябрга чейин жайытка малдарды бадачыларга берип жаз-күз айларында короого камап багуу боюнча элдерге түшүндүрүү иштери катуу жүргүзүлсүн.

4.7. Мал уурулуктун алдын алуу максатында ɵтүп жаткан жыл сайын 10-апрельден 1-октябрга чейин жайытка малдарды бадачыларга берип ɵз ара жазуу түрүндɵ макулдашылып белгиленген баада малдын толук кандуу багылуусу милдеттендирилсин.

4.8. Мал уурулукка бɵгɵт коюу максатында малын кароосуз калтырбоосу жаан эртен менен үйүнɵн талаага айдалып, кечиндеси короосуна киргизилипкароосу жарандарга түшүңдү иштерин жүргүзүү менен мал багуусу милдеттендирилсин.

4.9. Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жɵнүндɵ Кодексине ылайык белгиленген тартипте кабыл алынган, күчүнɵ кирген, жайыттарды, чɵп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузгандыгы үчүн айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыт эрежелерин бузуп айыл чегиндеги жана алыскы жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бɵлүнгɵн жайыттарга мɵɵнɵтүнɵн мурда мал жаюу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жаан эгидме жайыттар аркылуу мал айдап ɵтүүсү, менчигинин түрүнɵ карабастан малдын же канатуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба ɵсүмдүктɵрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектɵɵдɵн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү, малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чараларды ɵткɵрүү үчүн кɵрсɵтпɵɵсү, турмуш тиричилигиндеги катуу калдыктарды чектелген жерден башка жерлерге таштоого тыюу салуу боюнча укук бузгадыгы үчүн жарандарды (укук бузууларды) административдик жоопкерчиликке тартуу Тогуз-Торо айыл аймагынын административдик укук бузуулар боюнча комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  

төрагасы:

 

У.А.Токтожумаев