Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-июлу № 123
Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 14-июлундагы 01-06-1085 номериндеги кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 14-июлундагы 01-06-1085 номери менен чыгышталган кайралуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна негиз Кадамжай шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаардык мэриясына Кара-Жантак участкасынан суукампа куруу үчүн 0,25 га жер тилкесин жайыт категориясынан башка категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Абдыразаков |