Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/3
Казыбек айыл аймагынын Казыбек айылынын тургуну Калыгулов Шаршенбекке айылдын «Ардактуу атуулдук» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Казыбек айыл Кеңешинин социалдык тармактык комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап , айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айылынын тургуну Калыгулов Шаршенбекке айылдын «Ардактуу атуулдук» наамын ыйгаруу добушка коюлсун
Жалпы каттоодон өткөн депутат 20
Маакул-20
Каршы -жок
Калыс - жок
2. Жогорудагы жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен
Казыбек айыл аймагынын Казыбек айылынын тургуну Калыгулов Шаршенбекке Казыбек айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э. Бактыгулов |