Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлу № 124

Кадамжай шаардык мэриясынын  2023-жылдын 14-июлундагы  01-06-1086 номериндеги кайрылуусу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 14-июлундагы 01-06-1086 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна негиз Кадамжай шаардык кеңеши 

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Кадамжай шаардык мэриясына Жаңы-Жер участкасынан “Дельта Групп” ЖЧКна 2,0 га жер тилкесине дробилка куруу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына  которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдыразаков