ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2024-жылы 05-апрель №20
« КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 07.02.2024-жылдагы №52 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн штаттык курамын бекитип берүү жɵнүндɵ»
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезексиз чакырылган XXVII сессиясы токтом кылат:
1.КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 07.02.2024-жылдагы №52 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн штаттык курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн штаттык курамына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү (делегирования) менен кошумча экономист-статист штатын №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 07.02.2024-жылдагы №52 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнө келишим (контракт) менен алына турган штаттын аталышы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Келишимдин (контракт) негизинде дайындалган кызматкерлердин эмгек акысы башкы адис кызмат ордуна белгиленген эселөө коэффициентине жараша тиешелүү төлөмдөрүн төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин;
5..Бул токтом жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет. Аткарылышын кɵзɵмɵлгө алуу жагын ɵзүмɵ калтырамын.
6.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.А.Токтожумаев |
№1 тиркеме
|
Айыл өкмөтүнүн чектүү штаттык саны
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктин саны | Эскертүү |
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
|
2 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы | 1 |
|
3 | Бөлүм башчы | 1 |
|
4 | Башкы адис | 3 |
|
5 | Жетектөөчү адис | 2 |
|
6 | Адис | 1 |
|
| Жалпы: | 9 |
|
7 | Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | 3 |
|
| Жалпы: | 12 |
|
Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоев
ФЭБ башчысы Д.Жунусова
2-тиркеме
Айыл өкмөтүнүн штаттык курамына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү (делегирования) менен кошумча штаттын саны
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктин саны | Эскертүү |
1 | Экономист-статист-жетектөөчү адис | 1 |
|
| Жалпы: | 1 |
|
Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоев
ФЭБ башчысы Д.Жунусова
3-тиркеме
Айыл өкмөтүнүн келишимдин (контракт) негизинде чектүү штаттык саны
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктин саны | Эскертүү |
1 | Аскер иштери боюнча инспектор | 1 |
|
2 | Дөдөмөл айылынын айыл башчысы | 1 |
|
3 | Кош-Булак айылынын айыл башчысы | 1 |
|
4 | Өрнөк айылынын айыл башчысы | 1 |
|
| Жалпы: | 4 |
|
Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоев
ФЭБ башчысы Д.Жунусова