Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 41-отуруму

2024-жылдын 15-январы № 41

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №36 «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө       

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгы, К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн тургундарынын (элдик жыйындын) 2024-жылдын 12-январындагы №1 Протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №36 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында, Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош облусунун Алай районуна караштуу К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгынын 4-тиркемесиндеги Үч-Дөбө-Алай айыл аймагы «Алымбек Датка» айыл аймагы деп өзгөртүү сунушталсын.

2.К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №36 токтомунун 2 пунктунда жазылган К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагы «Алымбек Датка» айыл аймагы деп өзгөртүлсүн.

3.Бириктирилип жаткан Үч-Төбө жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөттөрү Сопу-Коргон айылы административдик борбор деп аныктоо менен административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча уюштуруу чаралары көрүлсүн.

4.Бул токтом расмий түрдө rayken.kg сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

К.Белекбаев атындагы

Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

Л.Койчиев