Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2024-жылы 05-апрель №22

 

« Айыл аймагындагы мечиттин жанына спорт комплексин куруу үчүн 20 сотых жер берүү боюнча Б.Молдосыдыковдун арызы жөнүндө»

 

Айыл аймагындагы мечиттин жанына спорт комплексин куруу үчүн 20 сотых жерди чечип берүү жөнүндө арызын кароо боюнча Тогуз-Торо айылдык Кеӊештин төрагасы У.Токтожумаевтин корутундуларын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXVII сессиясы

                             

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

1. Айыл аймагындагы мечиттин жанына спорт комплексин куруу үчүн Б.Молдосыдыковго 20 сотых жер аянтын чечип берүү боюнча айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

2. 1 ай мөөнөттүн ичинде Б.Молдосыдыковдун арызына жооп берүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жери, турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Б.Сасиевке милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  

төрагасы:

 

У.А.Токтожумаев