К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023- жылдын маалыматы 2024-жылга бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү өткөн жылдан өткөн 1731,8 миң сом акча каражаты ичинде –25444,5 миң сом болсо ал эми анын ичинен теңдештирүүчү трансферт-8330,0 миң сом, максаттуу трансферт -6151,9 миң сом, өздүк киреше -9230,7 миң сом, (анын ичинде атайын каражат – 1072,0 мин сом) болуп чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен-25444,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгү- 34014,5 миң сомго ( анын ичинен өткөн жылдан калган калдык -2095,9 миң сом, теңдеширүүчү трансферт -15961,0 миң сом.Такталган планы 33392,3 мин сом, өздүк киреше -13002,4 миң сом анын ичинен атайын каражат –2358,2 миң сом, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер –2333,0 миң сом) чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен -32964,9 миң сомго аткарылышы боюнча маалымат жактырылсын.
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү-24840,7 миң сомго бекитилсин, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт-13887,9 миң сом, өздүк кирешелер -10952,8 миң сом,(анын ичинен атайын каражат-820,0 миң сом) болгондугу белгиленсин.
4. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылга карата болжолду планы – 25871,0 миң сомго,( анын ичинен теңдештирүүчү трансферт -13887,9 миң сом, өздүк кирешелер - 11983,1 миң сом, ал эми 2026-жылга карата болжолдуу планы – 27318,0 миң сом анын ичинен теңдештирүүчү трансферт -13887,9 миң сом, өздүк кирешелер - 13430,1 миң сом өлчөмүндө бекитилип, мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын..
5. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттарын чынымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынчы башкаруу органдарынын тиешелүү баардык кызматкерлеринен, баардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын, ошондой эле аны көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы С. Карыбековго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |