Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жаны-Арык айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

 

2018-жылдын 26-декабры № 16/1

 

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө

 

«Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2020- 2021-жылдарга болжолу жөнүндө»

Кырыгыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу», жана «Кыргыз Республиткасынын 2019-жылга карата республикалык бюджетин бекитүү жана бюджеттин долбоорун 2020-2021-жылдарга болжолуу жөнүндө мыйзамдарыны негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министирлиги тарабынан сунуш кылынган корсоткучторду карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2019-жылга 15 898,3 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 2392,0 миң сом, 2020-жылга жана 2021-жылга бекитилсин.

2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин бюджети киреше бөлүгү 230,0миң сомго жана чыгаша бөлүгү 154,0миң сомго бекитилсин.

3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аппаратта иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл 5-август № 451 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 26, анан ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмкек акысы жетектөөчү адис коэфциентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана ченге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.

4. бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Арык айылдык

Кеңештин төрагасы:

 

Ж.Осумбеков