К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1049,6 миң сом калган калдык акча каражатын, 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган 1049,6 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж. Шарипова жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1049,6 миң сом калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж. Шарипова жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин билдирүүлөрү эске алынсын.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 1049,6 миң сом анын ичинде атайын каражаттар эсебинде 10,0 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилип, төмөндөгү бөлүмдөрдүн тиешелүү беренелерине иштетилсин.
К/н | Бөлүмдөрдүн аталышы | Беренелердин аталышы | Берене | Сумма (миң сом) менен |
70821 | Библиотека | Соцфондго чегерүү | 2121 | 7,4 |
70823 | Клуб | Соцфондго чегерүү | 2121 | 1,1 |
70911 | Бала бакча (атайын каражат) | Тамак аш алуу | 2218 | 10,0 |
70921 | Орто мектептер | Башка кызмат көрсөтү | 2215 | 234,6 |
70921 | Орто мектептер | Имараттар жана курулмалар | 3111 | 796,5 |
| жыйынтыгы |
|
| 1049,6 |
3.2023-жылдан калган калдык акча каражатын 2024-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп, тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси С.Карыбековго жүктөлсүн.
4.2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип, иштетүүгө уруксат берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Куловго милдеттендирилсин.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |