К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/4
«Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасын ордунда калтыруу боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы калтырылсын.
2.«Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги 5 (беш) бирдик болуп белгиленсин жана өзүн өзү каржылоого өткөрүлсүн. Муниципалдык ишкананын директору каржылык эсеп-кысап алып баргандыгы үчүн эмгек акысы сакталсын.
3.Ишмердүүлүгүн «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүү Боронбаев Махамад Чериковичке милдеттендирилсин жана калктан чогултуучу төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү колго алсын.
4.«Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердигин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |