Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы

 

2023-жылдын 3-ноябры № 15/08

 

Лейлек айыл аймагына караштуу Чуянчи айылынын атын өзгөртүү жөнүндө

Лейлек айыл аймагына караштуу Чоюнчу айылынын Чуянчи деп аталышы жагымсыз (одоно) болгондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын географиялык обьектерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо жөнүндөгү Жобого ылайык, Лейлек айыл өкмөтү тарабынан административдик–аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштардын атын өзгөртүү боюнча 2023-жылдын 13-октябрындагы Чуянчи айылында өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын чечимин эске алып, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын географиялык обьектерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо жөнүндөгү Жобого ылайык, Лейлек айыл өкмөтү тарабынан административдик–аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштардын атын өзгөртүү боюнча Чоюнчу айылынын 2023-жылдын 13-октябрында өткөрүлгөн элдик жыйындын чечимине ылайык, Чоюнчу айылы Ынтымак айылы деп өзгөртүлүшүнө макулдук берилсин.

2. Лейлек айыл өкмөтүнө айылдын аталышын өзгөртүүгө керектүү болгон иш-кагаздарын даярдап, аткарууга алуу жагы тапшырылсын.

3. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алыы жагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Рйимбердиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Т. Мукарамов