Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/8
2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык
ишканасынын карамагындагы (балансына өткөн) сугат суу, ичүүчү суу айыл-чарба техникаларынын баасын (тарифтерин) жана иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, 2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык
ишканасынын карамагындагы (балансына өткөн) сугат суу, ичүүчү суу, таштанды чыгаруу, жайыт акы, айыл-чарба техникаларынын тарифтерин жана иш планын боюнча угуп жана талкуулап, Казыбек айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын карамагындагы (балансына өткөн) сугат суу, ичүүчү суу, таштанды чыгаруу, жайыт акы, айыл-чарба техникаларынын баалары (тарифтери) жана иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
(Тиркеме тиркелет 8 баракта)
2.«Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын бир айлык мөөнөттүн ичинде ар бир тармак боюнча бюджетин түзүп келүүсү милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э. Бактыгулов |
БЕКИТИЛДИ
Казыбек Айылдык Кеңешинин
2024-жылдын 14-майындагы №4/8 токтомуна 1-тиркеме.
Казыбек Айылдык Кеңешинин төрагасы:
____________________Э.Бактыгулов
2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын карамагындагы (балансына өткөн) сугат суу баасы (тарифи).
№ | Айылдын аталышы | өлчөө бирдиги | Суммасы |
1 | Казыбек айылы | 1 га | 200 сом |
2 | Жаңы-Күч айылы | 1 га | 200 сом |
3 | Кызыл-Туу айылы | 1 га | 300 сом |
4 | Кара-Булуң айылы | 1 га | 300 сом |
Казыбек Айылдык Кеңешинин
Жооптуу катчысы: С.Жапарова
БЕКИТИЛДИ
Казыбек Айылдык Кеңешинин
2024-жылдын 14-майындагы №4/8 токтомуна 2-тиркеме.
Казыбек Айылдык Кеңешинин төрагасы:
____________________Э.Бактыгулов
2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын карамагындагы ичүүчү таза суу болгон төлөм баасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусунун бөлүмүнүн (тарифинин) баасынын прейскурантына ылайык 9 сом 51 тыйынды эске алуу менен баасы (тарифи) коюлду.
№ | Айылдын аталышы | өлчөө бирдиги | Үйгө суу киргизгендердин суммасы | Сырттан алгандардын суммасы |
1 | Казыбек айылы | 1 жанга | 30 сом | 20 сом |
2 | Жаңы-Күч айылы | 1 жанга | 30 сом | 20 сом |
3 | Кызыл-Туу айылы | 1 м3 (1 куб) | 30 сом | 30 сом |
4 | Кара-Булуң айылы | 1 м3 (1 куб) | 30 сом | 30 сом |
Казыбек Айылдык Кеңешинин
Жооптуу катчысы: С.Жапарова
БЕКИТИЛДИ
Казыбек Айылдык Кеңешинин
2024-жылдын 14-майындагы №4/8 токтомуна 3-тиркеме.
Казыбек Айылдык Кеңешинин төрагасы:
____________________Э.Бактыгулов
2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын кыдырып таштанды чыгарууга болгон баасы (тарифи).
Үй ээси менен макулдашылган негизде гана төлөм алынат.
№ | Айылдын аталышы | өлчөө бирдиги | суммасы |
1 | Казыбек айылы | 1 түтүнгө | 100 сом |
2 | Жаңы-Күч айылы | 1 түтүнгө | 100 сом |
3 | Кызыл-Туу айылы | 1 түтүнгө | 100 сом |
4 | Кара-Булуң айылы | 1 түтүнгө | 100 сом |
Казыбек Айылдык Кеңешинин
Жооптуу катчысы: С.Жапарова
БЕКИТИЛДИ
Казыбек Айылдык Кеңешинин
2024-жылдын 14-майындагы №4/9 токтомуна 4-тиркеме.
Казыбек Айылдык Кеңешинин төрагасы:
____________________Э.Бактыгулов
2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын алдындагы жайыт пайдалануу акысына болгон тарифи.
Жайыт акы мал баккан малчыдан алынат.
№ | Айылдын аталышы | бодо малга | Кой, эчкиге | Алыскы жайыттарга сырттан келген малга |
1 | Казыбек айылы | 90 сом | 18 сом | Айыл аймагынан сырткары келген малга кой эчкиге 2 эселентип төлөм алынат. Бодо малга 300 сомдон. |
2 | Жаңы-Күч айылы | 90 сом | 18 сом | |
3 | Кызыл-Туу айылы | 100 сом | 20 сом | |
4 | Кара-Булуң айылы | 100 сом | 20 сом |
Эскертүү: Ички жайыттарга сырттан мал алып багууга тыюу салынат.
Казыбек Айылдык Кеңешинин
Жооптуу катчысы: С.Жапарова
БЕКИТИЛДИ
Казыбек Айылдык Кеңешинин
2024-жылдын 14-майындагы №4/8 токтомуна 5-тиркеме.
Казыбек Айылдык Кеңешинин төрагасы:
____________________Э.Бактыгулов
2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын техникалык кызмат көрсөтүү тарифтери.
№ | Көрсөтүлчү кызматтардын аталышы | өлчөө бирдиги | Кызмат акынын суммасы | Техникага куюлуучу ГСМ |
1 | Жер айдоо дың | 1га | 1400 сом | 25 л |
2 | Тырмоо (сапаттуу жумуш үчүн) | 1га | 700 сом | 10 л |
3 | Себүү | 1га | 700 сом | 8 л |
4 | Жер айдоо аңыз | 1 га | 1300 сом | 20 л |
5 | Огород айдоо | 1 сот | 20 сот чейин 30 сом, 20 сот өйдө га менен эсептелет | 20 сот чейин 300гр, 20 сот өйдө 200 гр |
6 | Огород тырмоо | 1 сот | 25 сом | 20 сот чейин 200гр, 20 сот өйдө 100 гр |
7 | Огород себүү | 1 сот | 25 сом | 20 сот чейин 300гр, 20 сот өйдө 200 гр |
8 | Арык тартуу | 1 метр | 2 сом, 500 метрден өйдө 1 сом | Май ичинде |
9 | Чөп чабуу | 1 га | 1300 сом | 10 л |
10 | Чөп престөө | 1 боо | 9 сом | 1га үчүн 10 л |
11 | Дан чабуу комбайн Нива, Палесса. | 1 га | 3000 сом | 25 л |
12 | Дан чабуу кичи комбайн | 1 га | 3000 сом | 20 л |
13 | Огород чөп чабуу | 1 сотых | 50 сом | Май ичинде |
14 | Огород дан чабуу | 1 сотых | 50 сом | 500 гр |
15 | Суу киргизүү үчүн эксковатор акысы | 2 м чейин, | 360сом | Май ичинде |
2м терең | 450 сом | |||
16 | Туалет казуу | Талапка ылайык | 1200 сом | Май ичинде |
17 | Септик казуу | Талапка ылайык | 1600 сом | Май ичинде |
18 | Арык казуу тереңдиги 0,50 метрге чейин 0,50м терең | Талапка ылайык | 60 сом | Май ичинде |
100 сом | ||||
19 | Күл кык чыгаруу Камаз | рейс | 2500 сом | Май ичинде |
Хово | рейс | 3500 сом | Май ичинде | |
20 | Күл кык чыгаруу Камаз | рейс | 3000 сом | Май ичинде Аймактан сырткары май куят |
Хово | рейс | 4000 сом | ||
21 | Тазалыктын трактору кык чыгаруу | Рейс | Күл 1500 сом Кык 1200 сом | Май ичинде |
22 | ГАЗ-53 күл, кык жүктөө эксковатор эмгек акысы | Рейс | 400 сом | Май ичинде |
23 | Кыш куйганга ылай жазоо | Кичик кыш Чоң кыш | 1сом 50 тыйын 3 сом 50 тыйын | Май ичинде |
24 | Айылдан сырткары камаз Хово | ар кандай жүк үчүн рейсине | 2000 сом 2500 сом | Макулдашуу м-н май куят, Ат-Башы, Ак-Сай, арпа ичи. |
25 | Жаңы-Жерге камаз Хово | ар кандай жүк үчүн рейсине | 12000 сом 15000сом | Май ичинде |
26 | Камаз менен чөп тартуу | Рейс | 1000 сом | Май куят |
27 | Кара-Булуңдагы БИМ акысы | 1 кг | 2 сом | Тазалаар алдында таразага тартылат. |
28 | Погрусчик эмгек акысы | Саатына | 1000 сом | Май куят |
29 | Таштанды аянтын рекултиваия үчүн, өзү төккөндөрдөн төлөм алынат | Рейс | 500 сом (пиеп, камаз, ГАЗ-53, чийне ж.б.) | --- |
Казыбек Айылдык Кеңешинин
Жооптуу катчысы: С.Жапарова
БЕКИТИЛДИ
Казыбек Айылдык Кеңешинин
2024-жылдын 14-майындагы №4/8 токтомуна 6-тиркеме.
Казыбек Айылдык Кеңешинин төрагасы:
______________________Э.Бактыгулов
2024-жылга карата «Казыбек-Кара-Коюн» муниципалдык ишканасынын түзүлгөн жылдык иш-чаралар планы.
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | аткаруучулар |
1 | Казыбек, Жаңы-Күч, Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдарынын ичүүчү таза суунун абоненттик базаларын электрондук системага өткөрүү | 2024-жыл ичи | Н.Кубатакун уулу Ф.Тштанбекова Ар бир айылдын Таза суу кызматкерлери |
2 | Айыл ичин ичүүчү таза суу менен толук түрдө камсыз кылуу жана үзгүлтүккө учуратпоо | Дайыма | Н.Кубатакун уулу К.Кадыракунов М.Мааметов Т.Касмакунов Р.Жумабек уулу |
3 | Ичүүчү таза суу стратегиялык обьект болгондуктан көзөмөлдөө | Дайыма | Н.Кубатакун уулу К.Кадыракунов М.Мааметов Т.Касмакунов Р.Жумабек уулу |
4 | Ирригаиялык каналдарды сугат мезгилине даярдоо жана оңдоо: -Казыбек айылындагы 600 метр Желе-Дөбөө арыгын, Уч каналын керектүү жерлерин тазалоо -Жаңы-Күч айылынын Ботпай арыгын тазалоо. -Кара-Булуң айылындагы 2,5км өйдөкү кайырма арыгын казуу. - Кызыл-Туу айылындагы Көк-Каптал арыгынын башын тазалоо. | Апрель | Н.Кубатакун уулу Айыл башчылар, мураптар |
5 | Сугат мезгилинде айыл аймагындагы элдерди сугат суусу менен камсыз кылуу | Апрель май июнь | Н.Кубатакун уулу мураптар |
6 | Айыл аймагындагы ар бир турак-жай жана соц. Мекемелердин таштандыларын жана күлүн чыгаруу | Дайыма | Н.Кубатакун уулу |
7 | Таштанды төгүүчү жайларды ирээтке келтирүү | Апрель-июль | Н.Кубатакун уулу |
8 | Жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу: -Кеңеш-Айрык коктусундагы Кичи-Сары-Бел участкасына көпүрөө салуу: - Жаңы-Жер коктусундагы Көк-Жайык участкасына көпүрөө салуу: - Айыл аймагындагы ички жайыттарга баруучу жолдору оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү: -Ботош тескей жолу, Кереге-Саз, Сөөк, Кускун-Таш, Кызыл-Дөбө, Муз-Төр, Ак-Сай, Көк-Аргын жана Бел-Кара-Суу жайлоолоруна барчу жолдорду оңдоо-түздөө. - Кара-Талаа участогундагы кайырмага 1 көпүрөө салуу - Миң-Булак жана Артылыш участкаларына 16 метр ноо коюу. - Кызыл-Туу айылынын четиндеги 3 көлдү тазалоо. - Кара-Талаа жана Эшме участкасындагы жаздоого баруучу жолдорду оңдоо. - Кара-Булуң айылынан 3 көлдү тазалоо. - Улан, Жаңы-Жер жана Тешик-Чап жайлоолоруна кыдыруу. - Айыл аймагындагы жаздоого жана алыскы жайыттарга жайыт пайдалануучуларды көчүрүү, кыдыруу жана мал санак жүргүзүү, - көчүү-колууну жана көчүрүп келүүнү көзөмөлгө алуу. | Жыл бою | Н.Кубатакун уулу З.Төлөгөнов К.Алтыбаев Ж.Жакшылыков |
9 | Айыл аймагындагы тургундардын айдап себүү, арык тартуу, чөп чабуу, престөө, дан чабуу, жана картошка казуу жумуштарына кызмат көрсөтүү. | Апрелден октябрга чейин, Дайыма | Н.Кубатакун уулу |
10 | Айыл өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу | Дайыма | Н.Кубатакун уулу |
Казыбек Айылдык Кеңешинин
Жооптуу катчысы: С.Жапарова