К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/10
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылындагы мурунку мончого тиешелүү жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп китепканага жер бөлүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы муниципалдык менчикиндеги 5-01-01-1007-0116 идентификациялык сыр белгиси менен катталган мончонун 300,0 чарчы метр жер аянтын китепканага өзгөртүп берүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы муниципалдык менчикиндеги 5-01-01-1007-0116 идентификациялык сыр белгиси менен катталган мурунку мончого тиешелүү 1551,00 чарчы метр жер тилкесинин 300,0 чарчы метр жер тилкесин китепкана салууга бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |