Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/9
Казыбек айыл аймагында малчылардын көчүү-конуу графигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагында малчылардын көчүү-колуу графигин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ар бир айыл эли менен болгон жолугушуусунун чечимин угуп жана талкуулап , айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. -1-майга чейин айыл-чарба жерлеринен малдын баардык түрү тазалансын.
- 1-июнга чейин малдын баардык түрү ички жайыттардан алыскы жайыттарга
көчүрүлсүн.
- 25-сентябрга чейин алыскы жайыттан көчүп келүү токтотулсун.
- ички жайыттарга айыл аймагынан сырткары мал багууга тыюу салынсын.
Жалпы катталды 20 депутат.
маакул-20
Каршы – жок
Калыс – жок
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жайыт пайдалануу тартиби бузулган учурларда укук бузуулар боюнча тартиптик чара көрүү жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э. Бактыгулов |