Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму

2024-жылдын 23-январы № 42/11

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн айрым айылдарындагы сугат каналдарын Алай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн айрым айылдарындагы сугат каналдарын Алай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн айрым айылдарындагы төмөндөгү участкалардын сугат суу каналдары Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берилсин.

Чий-Талаа айылынын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 3500 метр,

Ыргайлуу участкасында 3000 метр,

Талаа участкасында 3500 метр,

Кызыл-Таш, Ак-Кыя участкаларында 3000 метр,

Көлдүк айылынын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 3200 метр,

Терек айылынын Ойрума-Кызыл участкаларынын 1500 метр.

Айыл аймагы боюнча жалпы: 17 700 метр сугат каналдары

 

2.Жогорудагы участкаларды Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жумуштары айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызмат адамдарына жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго тапшырылсын.

 

 

К.Белекбаев атындагы

Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

Л.Койчиев