Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү отуруму

2024-жылдын 12-январы  № 1

Жекенди айылдык аймагынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө        

Жекенди айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 27287,6 (Жыйырма жети миллион эки жүз сексен жети мин алты жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 27287,6 (Жыйырма жети миллион эки жүз сексен жети мин алты жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Жекенди айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй жактырылсын:

1) 2025-жылга кирешелер боюнча болжол – 28618,2 (Жыйырма сегиз миллион алты жүз он сегиз мин эки жүз) сом суммасында, 2025-жылга - 28618,2 (Жыйырма сегиз миллион алты жүз он сегиз мин эки жүз) сом суммасында;

2) 2026-жылга чыгымдар боюнча болжол – 30013,2 (Отуз миллион он үч мин эки жүз) сом суммасында, 2026-жылга – 30013,2 (Отуз миллион он үч мин эки жүз) сом суммасында;

3.Жекенди айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин пландоо бюджети 349,0 (үч жүз кырк тогуз мин) сомго бекитилсин, шарттуу малдын саны 4653 бирдик, жайыт пайдалануу үчүн төлөм 75 сомго жактырылсын.

4.Корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

5.Жекенди айыл өкмөтүнүн аппаратына 19 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат. Жекенди айылдык кенешинин катчысы 1 штат. Клубга 3 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат. Китепканаларга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.

7.Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2024-жылдын 17-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Абдукалилов