Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/12
Казыбек айыл аймагынын Казыбек айылынын тургуну Иниятов Нурбектин арызы боюнча «Казыбек айылынын Талаа-Булак участкасынан уй ферма салуу үчүн 1 га жер бөлүп берүү» жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын Казыбек айылынын тургуну Иниятов Нурбектин арызы боюнча «Казыбек айылынын Талаа-Булак участкасынан уй ферма салуу үчүн 1 га жер бөлүп берүү» жөнүндө айыл өкмөтүнүн айыл эли менен болгон жолугушуусунун чечимин угуп жана талкуулап , айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айылынын тургуну Иниятов Нурбектин арызы боюнча «Казыбек айылынын Талаа-Булак участкасынан уй ферма салуу үчүн 1 га жер бөлүп берүнүп берилсин.
Жалпы катталды 20 депутат.
маакул-20
Каршы – жок
Калыс – жок
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жайыт жеринен ылайыктап бөлүп берүү жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э. Бактыгулов |