Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/13
Казыбек айыл аймагынын Кара-Булуң айылындагы мечиттин аянтына
ФАП жана китепкана курууга жана административдик корпус жана ФАПка берилген аянтка мечит курууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап , айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Кара-Булуң айылындагы мечит курууга берилген ИДН 4020410020131 кодундагы аянтынын ордуна ФАП жана китепкана курууга уруксат берилсин.
2. Б. Минбаев. жана И. Модубаев кочолорунун кесилишиндеги Административдик корпус курулуучу ИДН код 4020410020432 контурундагы жана ФАП курууга берилген ИДН коду 4020410020433 контурундагы аянтка мечит курууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э. Бактыгулов |