Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/15
Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан кыскартуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан кыскартуу тууралуу карап чыгып айылдык Кенеш токтом кылат:
1.2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Токтомунун негизинде муниципалдык ишканалардын 2023-жылы эсеп беттери ачылып, түшүүчү каражат казына аркылуу төгүлгөн 2024-жылдын планына бекитилген, бирок бүгүнкү күндө муниципалдык ишканадан түшкөн акча каражат өздөрүнүн счетуна түз түшүүдө, Ошол себептен Казыбек айыл аймагынын айылдык кенешинин 9-чакырылышынын 3-кезектүү сессиясынын №3\4 токтому менен бекитилген пландан Р-70629 бөлүгүнөн 14238900 статьясынан 2220,2 мин сом акча каражаты пландан кыскартылсын.
Жалпы кыскартылуучу сумма: 2220,2 мин сом
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмү башчысы Т.Исаковго жана башкы бухгалтер Н.Үсөналиевага, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Э. Бактыгулов |