Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги XXVII сессиясы

 

2024– жылдын 30-январы № 27-1

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2024-жылга иш-планы бекитүү жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги, “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2024-жылга иш - планын бекитүү жөнүндөгү” маселеле карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

           

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2024-жылга иш-планы бекитилсин.

           

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары И.Мансуровго жана К.Алимовго жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Бекитемин»

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешин 30.01.2024-жыл XXVII сессиясынын № 27-1 токтому менен бекитилди, төрайым ________________Д.Рахманова

( кол тамгасы )

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин

2024-жылга иш-планы

 

№

Иш-пландар

Мөөнө-тү

Жооптуулар

1

Айылдык кеңештин 2024-жылга иш-планын долбоорун бекитүү жөнүндө.

I квар-тал

Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары жана депутаттары.

2

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин: “2023-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы”, “2024-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү” жана “2025-2026-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү” жөнүндө.

I

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы.

3

Туруктуу комиссиялардын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү отчету.

I

квар-тал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары.

4

Айылдык аймактагы айыл чарбасынын иштеринин абалы жөнүндө.

II

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы.

5

Айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын биринчи жарым жылда аткарган иштери жөнүндө жана экинчи жарым жылга милдеттери отчету.

III квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы.

6

Айылдык аймакта 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө

IV

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин бюджет жана социалдык маселелер, боюнча туруктуу комиссиялары.

 

Уюштуруу практикалык иш-чаралар

1

Айылдык кеңештин депутаттарынын, туруктуу комиссияларынын окууларын уюштуруу.

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары.

2

Айылдык кеңештин сессияларында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттору.

Ар дайым

Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары.

3

Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусу

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин депутаттары.

4

Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү.

Ай сайын

Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин туруктуу комиссялары.

5

Айыл аймагынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган кайрылууларынын аткарылышын көзөмөлдөө.

Ар дайым

Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана жооптуу катчысы

6

КРнын Президентинин, ЖКнын жана Министрлер кабинетини Мыйзамдарын турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү.

Ар дайым

Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана айылдык кеңештин депутаттары.

 

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин

төрайымынын орун басарлары:                                                                К.Алимов

                                                                                                                           И.Мансуров