Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги XXVII сессиясы

 

2024– жылдын 30-январы № 27-3

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоо программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги:  “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоо программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” маселе боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 25.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 01.03.2022-жылдагы кезексиз X сессиясынын, “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун бекитүү жөнүндөгү № 10-2 токтомундагы: “2022-2026-жылдары аткрыла турган иштердин планына“ төмөнкүдөй толуктоо киригизилсин:

№

Аткарылуучу иштер,

же долбоорлор

 

Аткар-уунун бол-жолдуу убакты

Аткарууга кимдер катышат

Эл

Айыл өкмө-тү

Жер-

гилик-түү

уюм-

дар

Дон-ор-дук уюм-

дар

Баш-

ка

уюм-

дар

23

Кызыл-Кыштак айыл аймагынан таштандыларды ташып чыгууга жана калкты таза суу менен камсыздоо максатында айтайын автоунааларды сатып алуу

2024-

жыл

 

 

 

+

+

24

Коммунист айылындагы № 25 - Т.Омурзаков атындагы мектепке ажаткана жана саркынды сууларга септик куруу.

2024-

жыл

 

 

 

+

+

25

Ишкаван айылындагы № 117-К.Маткеримов атындагы мектепке техникалык жабдууларды сатып алуу

2024-

жыл

 

 

 

+

+

26

 

Керме-Тоо айлындагы “Керме-Тоо” мектепке чейинки билим берүү мекемесине эмеректерди жана техникалык жабдууларды сатып алуу

2024-

жыл

 

 

 

+

+

           

2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова