КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-4
Айылдык кеңештин, «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын отрумунун протоколун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин, «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын отрумунун протоколун бекитүү жөнүндөгү” маселени карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 22–декабрындагы отурумунун № 7 - протоколу бекитилип:
1. Андижан айылын Ленин көчөдөгү магистралдык газ түтүктөрүн демонтаж жана монтаждоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен, сметанын негизинде - 1 158 665,2 сом акча каражаты каралсын.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |