Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги XXVII сессиясы

 

2024– жылдын 30-январы № 27-5

 

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына түзүлгөн добоорго акча каражатын ажыратуу жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына түзүлгөн добоорго акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү”, айыл өкмөтүнүн 03.11.2023-жылдагы, чыгыш № 1449 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 25.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына, Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы Жаңы-Турмуш айылынын Д.Салиев, Жаңы-Турмуш-1 жана Мукумий атындагы көчөлөрүн асфальттоого түзүлгөн добоорго, айыл өкмөтүнүн салымы катары 4 850 000,0 (төрт миллион сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова