Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-6
Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы Сүрөттүү-Таш участкасына “айыл макамын” берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн 30.10.2023-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы Сүрөттүү-Таш участкасына “айыл макамын” берүү жөнүндөгү”, чыгыш № 1321- сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы “Сүрөттүү-Таш” участкасына “Сүрөттүү-Таш айылы” макамы берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |