Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги XXVII сессиясы

 

2024– жылдын 30-январы № 27-8

 

Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы аныкталган жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: “Айыл өкмөтүнүн 09.11.2023-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Жаңы-Турмуш айылынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Туркестан” кафесинин алдындагы - 270,0 чарчы метр, “Караван” кафесинин алдындагы - 120,0 чарчы метр, “Асман” соода компексинин алдындагы – 344,4 чарчы метр жана Курманжан датка көчөсүнүн № 1179 контрундагы (Партнер нефть автозаправканын туш тарабындагы) 27,0 чарчы метр жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү” чыгыш № 1457- сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:

1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Б.Осмонов көчөсүндөгү “Туркестан” кафесинин алдындагы - 270,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алысын.

2. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Б.Осмонов көчөсүндөгү “Караван” кафесинин алдындагы - 120,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алысын.

3. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Б.Осмонов көчөсүндөгү “Асман” соода комплексинин алдындагы – 344,4 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алысын.

4. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Курманжан датка көчөсүндөгү № 1179 контрундагы “Партнер нефть” май куючу жайдын туш тарабындагы - 27,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алысын.

5. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова