КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-10
Үлүш жерди мамлекеттик фонддун жерине которуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: “Айыл өкмөтүнүн 19.01.2024-жылдагы, “Керме-Тоо айылынын тургуну А.Ботобаевдин үлүш жеринен суу чыгып, камыш басып дыйканчылык кылууга жарабай калгандыктан, аны № 997-контурдагы мамлекеттик фонддун жерине которуп берүү жөнүндөгү”, чыгыш № 87 - сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1. Керме-Тоо айылынын тургуну А.Ботобаевдин дыйканчылык кылууга жарабай калган 0,44 га үлүш жери, № 997-контурдагы мамлекеттик фонддун жерине, ижар мөөнөтү бүткөндө которууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |