Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-11
Аныкталган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: “Айыл өкмөтүнүн 19.01.2024-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүндөгү областык МАИнин тушундагы 20,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алып берүүнү суранган”, чыгыш № 88 жана 27.01.2024-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айылын А.Навои көчөсүндөгү Хамдамов Авазбектин үйүнүн тушунда жайгашкан 80,0 чарчы метр жер тилкесин, муниципалдык менчикке алып берүүнү суранган”, чыгыш № 170 сандуу каттары боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүндөгү Хамдамов Авазбектин үйүнүн тушунда жайгашкан жалпы аянты - 80,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |