КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-12
Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) сунуштоо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн 25.01.2024-жылдагы, “Керме-Тоо айылындагы “Бель-Кыштак” чек ара кызматынын чеп коргону жайгашкан 0,30 га жайыт жер тилкесин “Өнөр-жай, курулуш, транспорт жана байланыш” багытындагы жер тилкесине трансформациялоого макулдук берүүнү суранган”, чыгыш № 142 -сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1- протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Керме-Тоо айылындагы “Бель-Кыштак” чек ара кызматынын чеп коргону жайгашкан 0,30 га “жайыт” жер аянты, “айыл чарба багытындыгы жерлер” категориясынан “өнөр жай, курулуш, байланыш жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |