КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-13
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу
бүтпөгөн имаратты жер аянты менен багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн 29.01.2024-жылдагы, “КРнын Элдик Курултайынын делегаты Д.Рахмановдун 17.01.2024-жылдагы № 01-сандуу катынын негизинде, Ишкаван айылындагы 4 кабаттуу курулушу бүтпөгөн имаратты 3,32 га жер аянты менен “Өндүрүш жана өнөр жай” багытынан “Мектеп, социалдык” багытына которууну суранган”, чыгыш № 171 - сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Ишкаван айылындагы Карл Маркс көчөсү № 135 те жайгашкан, курулушу бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат 3,32 га жер аянты менен “өндүрүш, өнөр жай” максаттык багытынан, кайрадан “социалдык объект, мектеп” максаттык багытына өзгөртүлсүн.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) 06.04.2021-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын № 24-1 токтому, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” № 123-Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |