Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын

 

2024-жылы 11-апрель №25

 

«Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба техникасын ижарага берүү келишимин узартуу жөнүндө»

 

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба техникасын мыйзам чегинде келишимдин мөөнөтүн узартып берүү жөнүндө комиссия курамынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезексиз чакырылган XXVIII сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

           

            1.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыттын айыл чарба техникасын Беларус-82.1 тракторун ижарага берүү мөөнөтү 1 жылга узартылсын жана жылына 120,0 миң сомдон ижара акысы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө төгүлсүн.

           

            2. Баанын өсүүсү же төмөндөөсүнүн негизинде келишимде көргөзүлгөн баалар өзгөрүүсү мүмкүн.

           

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.

           

            4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  

төрагасы:

 

У.Токтожумаев