ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жылы 11-апрель №26
« “Тогуз-Торо” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамына ылайык, жарандарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Тогуз-Торо” муниципалдык ишканасынын Уставынын долбоорун талкулоо боюнча Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Олжотоев Марлис Жээнбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз чакырылышынын XXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Тогуз-Торо”муниципалдык ишканасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыялангандан кийин Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Токтожумаев |