КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын
II сессиясынын
2024-жылдын 06-марты № 1
“Боо-Терек” айыл өкмөтүнүн мекемеси менен “Оро” айыл өкмөтүнүн мекемесинин кошулуусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жѳнүндѳгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобону жетекчиликке алып, ошондой эле “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Жобону жана ошондой эле “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын II сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн мекемеси менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн мекемесинин бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, «Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Буланбеков Уланбек Эсенбековичке жана Оро айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Айтпаев Джийдебек Бейшеновичке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы |
| Мамыралиев А. |