Загрузка документа…
Сары-Булак айыл кеңеши
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 10/63
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун Уставын жетекчиликке алуу менен USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору менен биргеликте иштелип чыккан Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга кызматтарды жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобун түзүү максатында Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМЖБ тобу) төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
– Жумалиев М.Ж. – Сары-Булак айыл өкмөтүнүн инспектору, БМжБ тобунун
төрагасы;
Мүчөлөрү:
– Абдыкеримов Т.Ж. – Сары-Булак айылынын тургуну, жарандык активист;
– Абласова С.Т. – Төлөк айылынын аялдар кеңешинин төрайымы;
– Алышпаева С.Т. – Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты;
– Бакиров Т.Ш. – Сары-Булак айылынын тургуну, жарандык активист;
– Жакыпов А.А. – Төлөк айылынын тургуну, жарандык активист;
– Иманкулова К.З. – Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башкы адиси;
– Молдокулова Г.И. – Ак-Кыя айылынын аялдар кеңешин төрайымы;
– Өзүбеков Ж.Т. – Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси;
– Супабаев Т.К. – Ак-Кыя айылынын тургуну, жарандык активист;
– Чылабаев С.К. – Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты.
2. Жогоруда түзүлгөн БМжБ тобуна ар бир аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышынкөзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Дүйшөнбек уулу |