ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү отуруму
2024-жылдын 12-январы № 4
Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 30 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Чоң-Алай райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 9-январындагы № 2к-03-24 сандуу каршылык билдирүүсүн Жекенди айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 8-пункутуна ылайык Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы Жекенди айылдык аймагында жайлоодон эрте түшүп алып, эгин жайларга зыянын тийгизген мал ээлерине болгон штрафтык өлчөмдөрдү бекитүү жөнундөгү № 30 токтомун жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |