ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 25-марты № 14
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Жекенди айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Жекенди айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишими бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |