Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
2024-жылдын 30-апрели № 19
Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 18 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №18 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндөгү токтомуна Жекенди айыл аймагынын элинин макул эместиги угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 18 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2.Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы А.Токтобековго жана Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге схемалык картага кол коюуга уруксат берилбесин.
3.Ушул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик админситрациясына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | А.Токтобеков |