Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели  № 7

Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-январындагы №8 токтомуна өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктунун негизинде Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-январындагы №8 токтомуна өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү максатында Үч-Дөбө-Алай аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин: “Кыргызкөмүр”мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын кайрылуу катынын негизинде, жол салуу боюнча 2024-жылдын 28-мартындагы Үч-Дөбө-Алай аймагына караштуу Кызыл-Алай жана Чоң-Каракол айылдарынын тургундары менен өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын №2 жана №3 протоколдорунун чечимдерин эске алып суралып жаткан координаттык чекиттерде корсотулгон жер участогун “Кыргызкомүр” мамлекеттик ишканасына жол курууга макулдук берилсин.

 

2. “Кыргызкомур” мамлекеттик ишканасына жергиликтуу элге арзан комүр жетекируу жана мындан ары экспорттоо максатында, суралып жаткан координаттык чекиттерде корсотулгон 8 га жер тилкесин “Кыргызкомүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалына көмүр-отун базасын уюштуруу максатында берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-январындагы №8 токтомунун 1 пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

 

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

Асантай уулу А.