Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезексиз XXVIII сессиясы
2024– жылдын 16-февралы № 28-4
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы, күн тартибиндеги: Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 09.02.2024-жылдагы “Кызыл-Кыщтак айылдык кеңешинин депутаты И.А.Рахимовдун айылдык кеңештин 2023-жыл ичинде өткөн чакырылыштарда сегиз жолу себепсиз катышпагадыгы боюнча, мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алууну сунуштаган” чыгыш № 01- 4/2 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 13.01.2000-жылдагы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пункутуна ылайык токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Рахимов Изатилло Анваровичтин,
жүйөлүү себептерсиз айылдык кеңештин жыйналыштарына 2023-жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагадыгына байланыштуу, депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |